Дүйнө жүзүндө коронавирустан 2,5 миллиондон ашык адам каза тапты

Дүйнө жүзүндө коронавирустан каза болгондордун саны 2 500 770ке жетти. Мындай маалыматты «Жон Хопкинс» университети сайтына жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, илдеттен эң көп каза тапкандардын сап башында АКШ (506 232), Бразилия (249 957) жана Мексика (182 815) турат. Ошондой эле Индия, Улуу Британия, Италия, Франция жана Орусия мамлекеттеринде да өлүм учурлары көп катталган.

Ал эми жалпы дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 112,6 миллионду түзөт.