Дүйнөдө 2 жаңы миллиардер пайда болду. Алар арзан баада товар сатылган дүкөндөр тармагынын негиздөөчүлөрү

Орусиялык ишкерлер Сергей Ломакин менен Артем Хачатрян дүйнөлүк миллиардерлердин катарына кошулушту. Алар баалар төмөндөтүлгөн «Fix Price» дүкөндөр тармагын негиздеп, долларлык миллиардерге айланышканын америкалык «Forbes» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, баалуу кагаздарды саткандан кийин бизнесмендердин ар биринин үлүшү 3,4 миллиард доллардан ашкан. «Bloomberg» компаниясы болсо алардын ар биринин байлыгын 3,6 миллиарддан ашык деп эсептеген. «Fix Price» компаниясы өз акцияларын Лондон биржасында 9,75 доллардан жайгаштырган. Анда 179 миллионго чукул баалуу кагаз сатыкка коюлуп, ал жалпы акциялардын 21 пайызы экени айтылды.

Эки миллиардер тең буга чейин ийгиликтүү иш жүргүзүп келген бизнесмендер экени айтылды.

«Fix Price» тармагынын биринчи дүкөнү 2007-жылы ачылып, азыркы тапта алардын саны 4 миңден ашкан. Дүкөндөр Орусиядан тышкары Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Грузия жана Латвияда да бар.