Шамалда көтөрө көрбөңүз! 99 пайызы абадан турган баштык жасалды (видео)

Дүйнөдө эң жеңил баштык жасалып, 99 пайызы абадан турган Coperni брендинин сумкасы 2024-жылдын жаз-жай коллекциясы сунушталган Париждеги жумалыкта көрсөтүлдү.

Аксессуар Air Swipe деп аталат жана NASA наноматериалынан – жер бетиндеги эң жеңил катуу заттардын бири болгон кремний аэрогелинен жасалган. Баштыктын оордугу болгону 33 граммды түзөт.