Дүйнөдө биринчи жолу чочконун жүрөгү трансплантацияланган бейтап каза болду

Дүйнөдө биринчи жолу чочконун жүрөгү трансплантацияланган бейтап 8-мартта каза болду. Ал эксперимент иретинде жасалган операциядан кийин 2 ай жашады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

7-январда 57 жаштагы Дэвид Беннет аттуу бейтапка америкалык хирургдар айрым гени алынып, бир аз өзгөртүлгөн чочконун жүрөгүн операциялык жол менен трансплантациялашкан. Бул анын өмүрүн сактап калуунун жалгыз жолу болчу. Дарыгерлер билдиргендей, адам организми жаныбардын жүрөгүн дароо өгөйлөгөн эмес. Алар бул операция ийгиликтүү болсо, дүйнө жүзү боюнча көп адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берерин айтышкан эле.

«Бейтап өзүнүн эр жүрөктүүлүгүн көрсөттү. Ал аягына чейин күрөштү», — деди операцияны жасаган хирург. Бейтаптын уулуна келсек, ал трансплантат үмүттүн аягы эмес, башталышы болоруна ишенгенин айткан. Бейтап операциядан кийин бир канча апта үй-бүлөсүнүн курчоосунда болуп, Супербоулду көрүүгө үлгүргөн.