Дүйнөдө биринчи жолу көздүн өзү толугу менен алмаштырылды

Нью-Йорктогу NYU Langone Health университетинин хирургдары дүйнөдө биринчи жолу адамдын көзүн толугу менен алмаштыруу операциясын жасашты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. 

Буга чейин дарыгерлер көздүн кабыгын гана трансплантациялай алышкан. Дарыгерлер тобун жетектеген Эдуардо Родригес «Биздин көздү трансплантациялаганыбыз – алдыга жасалган чоң кадам» деди.

Бейтап Арканзас штатындагы 46 жаштагы аскер ардагери Аарон Жеймс болгон, ал жумуш учурунда жогорку чыңалуудагы токко урунган. Окуянын кесепетинен бетинин сол тарабы, анын ичинде көзү, мурду жана оозу жабыркаган. Операция 21 саатка созулду. Жеймс жаңы көз менен көрө алабы же жокпу, азырынча белгисиз.