Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 162 миллион адамга жетти

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 15-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 161,9 миллион адамды түздү. 3 миллион 357 миң 642 киши көз жумду.

COVID-19 вирусун жуктургандардын саны жагынан алдыңкы орунда АКШ турат. Америкада 32 миллион 894 миң 739 адам илдетке чалдыккан. 585 миңден ашуун адам оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Экинчи орунда турган Индияда 24 миллион 372 миң 907 адам коронавируска чалдыкканы расмий кабарланууда. Өлкөдө 266 миң 207 адам илдеттен көз жумду.

Ал эми Бразилияда жалпы ооруга чалдыккандардын саны 15 миллион 519 миң 525 адамга жетти. 432 миң 628 киши вирустан каза болду.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясынан быйылкы курмандыктар былтыркыга караганда арбын болорун эскертти.