Испанияда кабралес көк сырынын 2,2 килограммы аукциондо 30 миң еврого сатылып, рекорд жаңыланды. Муну менен дүйнөдөгү эң кымбат сыр атыкканы жар салынды. Адатта кабралес сырынын бир килограммы 35-40 евро турат.
Сыр жасоочу Гильермо Пендас: «Биздин сыр эң мыкты жасалганын билчүбүз, ошол эле убакта сынак оор болорун дагы күткөнбүз», — деди.
Лос-Пуэрто фабрикасынын ээси Роза Вада сыр 7 градус температурада 1400 метр бийиктикте жайгашкан үңкүрдөгү меште кеминде 8 ай даярдалганын айткан. Сыр El Llagar de Colloto ресторандын ээси Иван Суареске сатылган.
Кабралес көк сыры уйдун чийки сүтүнөн же койдун жана эчкинин сүтүнөн даярдалат жана Пикос-де-Европа улуттук паркындагы Кабралес аймагындагы мештерде бышат. Бул сыр түрү буга чейин 2019-жылы 20 миң 500 еврого сатылган.