«Tesla» жана «SpaceX» компанияларынын негиздөөчүсү, дүйнө жүзү боюнча эң бай адамдарынын катарын толуктаган, америкалык ишкер Илон Маск Техаска жаңы шаар курат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, ал сала турчу шаар «SpaceX» космодрому жайгашкан Бока-Чика айылынан алда канча чоңураак аймакка ээ болот. Ошондой эле Маск бул шаарда иттерге абдан жакшы мамиле жасала тургандыгын жана шаар лидери «дожа» Италиянын «doge» сөзүнөн алынган, англисче «dog» — ит деген наамды алып жүрөт деп айтты.