Америкалык миллиардер, Amazon компаниясы менен Blue Origin космостук компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос мурда теле алып баруучу болуп иштеген жана «Эмми» премиясынын ээси Лорен Санческе үйлөндү. Бул тууралуу Vogue журналы маалымдап, Санчес үлпөт тоюнан Instagram баракчасына сүрөттөрдү жарыялады.
Үлпөт тою Венецияда 26-июнда башталып, 28-июнда аяктайт. Тойго 200дөй конок чакырылган. Алардын арасында АКШ президентинин кызы Иванка Трамп жана анын жолдошу Жаред Кушнер, Microsoft’тун тең негиздөөчүсү Билл Гейтс, актёр Леонардо Ди Каприо жана башка атактуулар бар. ЖМКлардын маалыматына караганда, үлпөт тойго 10 миллиондон тартып 48 миллион долларга чейин акча каражаты сарпталган.
Forbes’тин маалыматы боюнча Жефф Безостун байлыгы 234 миллиардды түзөт жана ал дүйнөдөгү миллиардерлердин рейтингинде 4-орунду ээлейт.