Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири Жефф Безос негиздеген Blue Origin компаниясы өзүнүн New Shepard ракетасын Батыш Техастан суборбиталдык мейкиндикке ийгиликтүү учурду. Бул жолу бортто жалаң аял экипаждар болгон.
Алар поп-жылдыз Кэти Перри, теле алып баруучу Гейл Кинг, журналист жана Безостун сүйлөшкөн кызы — Лорен Санчес, инженер жана НАСАнын мурдагы кызматкери Айша Бое, активист жана изилдөөчү Аманда Нгуен, кинопродюсер Кериан Флинн.
Миссиянын катышуучулары бир нече мүнөт бою нөлдүк гравитация шарттарында болушту жана жогорудан планетанын көрүнүштөрүнө суктанууга жетишкен. Учуу жалпысынан 11 мүнөткө созулду. Экипаждын капсуласы үч парашюттун жардамы менен жерге конгон.
Сүйүктүүсүн тосуп алуу үчүн барган дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири Безос талкуу чордонунда калды. Интернет колдонуучулар «жок дегенде гүл алып алса болмок», «космоско учуу кооптуу, ал сүйүктүүсүн келбей калат деп ойлосо керек, ошого даярданган эмес» деген өңдүү ар кандай билдирүүлөрдү жазышкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram