Дүйнөдөгү эң чоң сүрөт 62 миллион долларга сатылды

Дүйнөдөгү эң ири «Адамзаттын саякаты» деп аталган сүрөт Дубайда өткөн аукциондо 62 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Британиялык сүрөтчү Саша Жафри тарткан сүрөт 1,5 миң чарчы метрден ашуун аянтты ээлейт. Муну төрт баскетбол аянтчасы менен салыштырууга болот. Сүрөт 70 бөлүктөн турат. Алгач аны аукциондо бөлүктөргө бөлүп сатуу пландаштырылган. Бирок бул полотнону Дубайда жашаган жана криптовалютага адистешкен компанияны жетектеген француз Андре Абдун сатып алган.

Аукциондун уюштуруучулары киреше күтүлгөндөн эки эсе көп болгонун белгилешти. Каражаттын бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшоо пландалууда.

«Адамзаттын саякаты» Гиннесстин рекорддор китеби тарабынан полотнодогу эң ири сүрөт катары таанылган. Жафри өз ишин 2020-жылдын сентябрь айынын аягында аяктаган. Бул коронавирус пандемиясы учурунда өз чыгармаларын интернетте сүрөтчүгө жөнөткөн 140 мамлекеттин балдарынын сүрөттөрүнө негизделген.