Амазонкада мүчөлөрү ондогон жылдар мурун өлтүрүлгөн жергиликтүү уруулардын биринин акыркы өкүлүнүн өлүгү табылды. Соңку жылдары бул адам толугу менен обочолонуп жалгыз жашаган. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.
Басылманын маалыматына караганда, уруу 1970-жылдары малчылар жердин ээлеринен алардын жерлерин басып алуу үчүн тургундарга кол сала баштаганда кырыла баштаган. Анын кесепетинен бүт уруудан бир гана адам аман калган, анын бар экендиги 1996-жылы белгилүү болгон.
Ал сырттан келген адамдар менен байланышка чыкпай, алардан качып, алар алып келген белектерден баш тартканы белгиленген. Бир жолу ал FUNAI уюмунун мүчөсүн жаа менен өлтүрө жаздаган. Жебе анын өпкөсүнө тийип, бирок жабырлануучу аман калган. Ошондон бери аларга 8070 гектар жерде тынч жашоого мүмкүнчүлүк берип, адам менен байланыш түзүү аракетин токтотушкан. Ал жаа менен аңчылык кылып, мөмө-жемиштерди, жапайы балды чогултуп, чакан бакча тиккен.
Аборигенди «дүйнөдөгү эң жалгыз адам» деп аташкан. Аборигендин сөөгү 23-августта анын самандан жасалган үйүнүн жанынан табылган. Полициянын айтымында, адамдын өлүмү табигый себептерден улам катталган. Бирок так маалымат экспертизадан кийин берилет.