«Дүйнөдөгү эң жагымсыз 100 тамак». Тизмеге кайсы өлкөнүн эмне тамагы кирди? 

TasteAtlas гастрономиялык энциклопедиясы 2025-жылга карата «Дүйнөдөгү эң жагымсыз 100 тамакты» тизмектеди. Биринчи бештикке төмөнкүлөр кирди:

Биринчи орунда камырына бугунун каны кошулган, Швецияда популярдуу болгон куймак турат. Бул салттуу швед тамагы. Анын камырына бугунун каны кошулуп, ага өзгөчө даам берет деп эсептелет. Аны жергиликтүүлөр «Blodplättar» деп аташат. 

Экинчиде Финляндиянын лапландиясындагы кан пельмени турат. Ал кара буудай уну жана жаныбарлардын канынан жасалат. Тамак Лапландияда «Blodpalt» деп аталат.

Үчүнчү орунду гамбургер, фри жана нан менен толтурулган Пита болгон Швециянын кальзон пиццасы алды. Шведдер аны «Calskrove» деп коюшат.

Төртүнчүнү ээлеген тамак исландиялыктар сүйүп жеген кочкордун башы. Аны тазалап, мээси жок кайнатып, көзү жана тиши менен тартышат. Исландияда бул тамакты «Svið» дешет.

Таиланддагы жыпар жыттуу заттар менен куурулган жибек курттарынын личинкалары алдыңкы бештикти аяктады. Бул тамак Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө өтө популярдуу.

Алдыңкы ондукка Нью-Йорктун Рамён бургери да кирген.