Дүйнөдөгү эң кары адамдардын бири туулган күнүн белгиледи. Мария Браньяс 117 жашка чыкты. Ал тууралуу кызыктуу фактылар жарыяланды.
- Ал Испаниянын Жирона шаарындагы карылар үйүндө жашайт.
- Бир кезде Мариянын бир кулагы укпай калган.
- Испаниядагы жарандык согуш учурунда аял ооруканада медайым болуп иштеген.
- Анын үч баласы жана 11 небереси бар. Жол кырсыктан тун уулу Август каза болгон.
- Мария дагы 65 күн жашаса, ал тарыхтагы эң кары ондукка кирет.
БУУнун маалыматы боюнча азыр дүйнөдө орточо жашоо узактыгы 72,8 жашты түзөт. Абсолюттук узак жашоо рекорду 122 жарым жыл жашаган француз айымы Жанна Калментке таандык.