Дүйнөдөгү эң кары адамдардын бири 117 жашка чыкты. Ал тууралуу кызыктуу фактылар

Дүйнөдөгү эң кары адамдардын бири туулган күнүн белгиледи. Мария Браньяс 117 жашка чыкты. Ал тууралуу кызыктуу фактылар жарыяланды.

БУУнун маалыматы боюнча азыр дүйнөдө орточо жашоо узактыгы 72,8 жашты түзөт. Абсолюттук узак жашоо рекорду 122 жарым жыл жашаган француз айымы Жанна Калментке таандык.