Дүйнөдөгү эң кары эркек киши 114 жашында көз жумду

Венесуэлада дүйнөдөгү эң кары адам катары Гиннесcтин рекорддор китебине кирген Хуан Висенте Перес Мора 114 жашында көз жумду.  Өлүмдүн себеби дем алуунун татаалдашы болгон. Ал 114 жыл 339 күн жашаган. 

Дүйнөнүн эң кары адамы деген наам эми 112 жаштагы япониялык Гисабуро Сонобеге ыйгарылышы мүмкүн.

Жашы аныкталган эң узак жашаган рекордчу 2013-жылы 116 жашында каза болгон дагы бир япониялык Дзироэмон Кимура болуп эсептелет. Аялдар арасында 1997-жылы 122 жашында дүйнөдөн кайткан Жанна Луиза Кальман рекордсмен деп эсептелет.