Дүйнөдөгү эң күлүк спортчу 24 жашында каза болду. Анын атасы уулу өлтүрүлгөн болушу мүмкүн экенин айтты

Кениялык жөө күлүк Келвин Киптум жол кырсыгынан каза болуп, атасы өлүм кокусунан болушу мүмкүн эмес деп билдиргенин Tengri Sport жазды. 

Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы марафончунун унаасы бакты сүзгөн. Сокку катуу болгондуктан, спортчу гана эмес, анын машыктыруучусу да каза болгон. Спортчунун атасы Самсон Черуйот уулунуна жаман ниети барлар болгонун билдирди. 

«Уулумдун каза болгонун кабарлардан билдим. Окуя болгон жерге бардым, бирок полиция кызматкерлери өлүкканага алып кетишкен экен. Ага чейин Киптумду үйгө издеп келгендер болгон. Алар өздөрүн тааныштыруудан баш тартып коюшкан. Документтериңерди көрсөткүлө деп сурандым, бирок кетип калышты. Бул 4 адамдан турган топ болчу», — деген атасы. 

Атасы териштирүү жүрүшү керектигин айтып, Киптумдун аялы менен калган эки баласын колдоо үчүн өкмөттөн жардам сурады.