Дүйнөдөгү эң кыска жана эң узун бойлуу аял Лондондо жолукту

Jyoti Amge, shortest woman, and Rumeysa Gelgi, tallest woman, meet for the first time and share afternoon tea

Лондондо дүйнөдөгү бою эң узун жана эң кыска аялдардын жолугушуусу өттү. Гиннесстин рекорддор китебинин сайтында түрк веб-дизайнери менен Индиядан келген актриса-блогер чай үстүндө маектешкени жазылган. 

Түркиялык Румейса Гелчи бүгүнкү күндө планетадагы эң узун аял болуп саналат. 27 жаштагы кыздын бою 215,16 сантиметр. Ага сейрек кездешүүчү оору – Уивер синдрому коюлган, ал дененин тез өсүшүн жана сөөктүн деформациясын пайда кылат. Дүйнөдөгү эң кичинекей аял, 30 жаштагы индиялык Жоти Амджинин бою 62,8 сантиметр. Экөө бойдогу чоң айырмачылыкка карабастан, турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүп, бат эле дос болуп кеткени белгиленет.