Дүйнөнүн эң сымбаттуу мырзасы ким? Тизме

Netflix’тин «Бриджертоны» сериалы менен белгилүү болгон Реге-Жан Пейж дүйнөдөгү эң сымбаттуу мырза деп табылды. Бул тууралуу Metro жазды.

Маалыматка караганда, Лондондогу пластикалык хирург Жулиан де Сильва беттин идеалдуу пропорциясы боюнча 34 жаштагы актердун жүзү идеалга 93,65 пайыз туура келерин аныктаган. «Реге-Жан Пейж классикалык сулуу жүзү жана укмуштуудай күрөң көздөрү менен жеңишке жетти. Анын эриндери эң сонун формада. Төмөнкү балл алган беттин бир гана бөлүгү мурун болгон», — дейт дарыгер.

Реге-Жан Пейж

Дүйнөдөгү эң келишимдүү эркектердин тизмесине башка атактуулар да кирген. Экинчи орунду 93,53 пайыз менен австралиялык актёр Крис Хемсворт ээледи.

Крис Хемсворт

Үчүнчү орунда америкалык актер Майкл Б Жордан — 93,46. 

Майкл Б Жордан

Ал эми 4-орунда британиялык ырчы Гарри Стайлс. Ал  92,3 пайызга ээ болгон.