Дүйнөдөгү жалгыз 9 эм экинчи туулган күнүн белгилешти

Малиде дүйнөдөгү жалгыз тогуз эм экинчи туулган күнүн белгилешти. Бул тууралуу People басылмасы жазды. 

Эки жыл мурун Малинин 25 жаштагы Халима Сиссе аттуу тургуну 9 эмди жарыкка алып келген.

Бул 9 эмдин аман жана дени сак төрөлүшүнүн биринчи катталган учуру. УЗИ учурунда дарыгерлер жетисин гана аныктай алышкандыктан, дагы эки баланын төрөлүшү акушер менен ата-энелер үчүн күтүүсүз болгон.