Дүйнөгө белгилүү актёр Жерар Депардьеге зордуктоо боюнча айып коюлду

Дүйнөгө белгилүү француз актёру Жерар Депардьеге Франциянын прокуратурасы тарабынан зордуктоо жана сексуалдык зомбулук боюнча айып коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын август айларында Париждеги үйүндө Жерар Депардье ага конокко келген досунун 20 жаштагы актриса кызын зордуктаган.

Бул окуя ошол жылдары кандайдыр бир себептер менен жагдайларын иликтөөгө мүмкүн болбогондуктан жабылган. Бирок кийинчерээк жабыркады делген кыздын адвокаты доо арыз менен кайрылып, учурда иш кайра жандандырылган.

Бирок азыркы тапта актер мындай айыпты четке кагууда.

Депардье дүйнөгө белгилүү француз актерлорунун бири. 50 жылдан ашык карьерасында ал 200дөн көп фильмге жана сериалдарга катышып, театрда ойногон.