Facebook кийинки аптада аталышын өзгөртүүнү пландап жатканын Verge өз булагына таянуу менен жазып чыкты. «Facebook келерки аптада атын өзгөртүүнү пландап жатат. Бул мета ааламды түзүүгө багытталган», — деп айтылат маалыматта.
Марк Цукерберг мета аалам чыгармачыл адистерге, шаардын борборунан алыс жашоону жана иштөөнү каалагандарга, ошондой эле билим алууга же эс алуу жайларына мүмкүнчүлүгү чектелген жерлерде жашагандарга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет деп ишенет. Агенттиктин маалыматы боюнча, Цукерберг муну 28-октябрда жыл сайын өтүүчү Connect конференциясында же ага чейин жарыя кылууну пландап жатат.
Мета аалам — виртуалдык чөйрөдө адамдар ойной, иштей жана баарлаша ала турган онлайн дүйнө, мында көбүнчө VR технологиясы колдонулат.