ДССУ башчысы коронавирус лабораторияда иштелип чыккан деген божомолго жооп берди

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус SARS-CoV-2 лабораториядан чыгарылышы мүмкүн деген божомолду четке какпай турганын айтты. Бул  тууралуу ал G7 лидерлеринин саммитинде билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазды.

Эл аралык уюмдун башчысы коронавирус инфекциясын кеминде 174 миллион адам жуктуруп, 3,75 миллион киши анын кесепетинен каза тапканын билдирди. «Адамдар оору кандай чыкканын билүүсү керек деп ойлойм. Бул кийинки пандемияларды алдын алуу үчүн керек«, — деген Гебрейесус.

Анын айтымында, SARS-CoV-2 вирусунун келип чыгышын иликтөөнүн алгачкы этаптарында Кытай тараптан «ачык-айкындуулук жана кызматташтык» жетишсиз болгон. Жетекчи ар бир божомол иликтениши керектигин кошумчалады. «Маалыматтар, айрыкча «чийки» маалыматтар менен алмашууда кыйынчылыктар болду… Кийинки этапта кызматташуу жакшырат деп ишенебиз», — деди ДССУ башчысы.