Дүйнөлүк соода уюмун африкалык айым башкарат

15-февралда Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директорлугуна Нгози Оконжо-Ивеала дайындалды. Теги нигериялык каржы адиси эл аралык уюмду жетектеген алгачкы айым жана африкалык ишмер болуп калмакчы.

66 жаштагы Оконжо-Ивеаланын талапкерлигин уюмга кирген 164 өлкөнүн көпчүлүгү колдоду. Ал бул кызматка 1-марттан баштап киришип, 2025-жылга чейин улантмакчы.

Былтыр октябрда анын талапкерлиги сунушталганда, мурдагы АКШ президенти Дональд Трамптын бийлиги колдобой койгон.

Быйыл 5-февралда Жо Байден жетектеген АКШнын жаңы бийлиги нигериялык мурдагы министрдин талапкерлигине өз колдоосун билдирди.