Дүйнөнүн эң бай адамдарынын бири Билл Гейтс жубайы менен ажырашат

Билл Гейтс менен жубайы Мелинда Гейтс

Америкалык миллиардер, «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жана анын жубайы Мелинда ажырашып жатышканын жарыялашты.

«Көпкө чейин ойлонуп жана мамилебиздин үстүнөн узакка чейин иштегенден кийин никебизди токтотуу жөнүндө чечим кабыл алдык. Бирге жашаган 27 жылда үч баланы өстүрүп, кайрымдуулук фондду түптөдүк. Биз мурункудай эле фонддун миссиясына ишенебиз жана фонддогу биргелешкен жумушубузду улантабыз. Бирок биз мындан ары жубай катары ийгиликтерге жетерибизге ишенбей калдык», — деп айтылат жубайлардын биргелешкен билдирүүсүндө.

Билл Гейтс жубайы менен 1980-жылдардын соңунда таанышкан. Ал учурда Мелинда «Microsoft» компаниясына жумушка жаңы орношкон. Жубайлар 1994-жылы баш кошушкан. Алардын Женнифер Катарин, Рори Жон жана Фиби Адель аттуу балдары бар.

«Forbes» басылмасынын маалыматына караганда, учурда Билл Гейтс дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын тизмесинде төртүнчү орунда турат.