Дүйнөнүн эң бай беш адамы аныкталды. Алар кимдер?

Эл аралык «Bloomberg»  финансылык маалымат компаниясы дүйнөнүн эң бай 5 адамын аныктады. Бул тууралууу компания өзүнүн сайтына жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, Аmazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос рейтингдин биринчисине чыгып, дүйнөдөгү эң бай адам аталган. Анын байлыгы 191 миллиард доллар деп бааланган.

Ал эми экинчи орунда америкалык илимпоз, ойлоп табуучу ишкер SpaceX жана Tesla дүйнөлүк компанияларынын ээси Илон Маск болгон. Анын капчыгында 190 миллиард доллар бар экени айтылды.

Үчүнчү орунда Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс ээледи. Анын байлыгы 137 миллиард долларга жеткен. Андан кийинки орунда Louis Vuitton Moët Hennessy ишканасынын президенти Бернар Арно турат. Анын байлыгы 116 миллиард долларды түзсө, бешинчи топ болуп дүйнөлүк Facebook компаниясынын негиздөөчүсү, ээси Марк Цукерберг аталып, анын кирешеси  104 миллиард доллар экени белгилүү болгон.