«Дүкөндөрдөгү абал — уят!» Токаев кумшекердин тартыштыгына жол берген министрлерге сөгүш жарыялады

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө кумшекер тартыштыгына жол бергени үчүн Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен Айыл чарба министри Ербол Карашукеевге сөгүш берди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Өкмөттүн жыйыны учурунда президент ишке киргизилген 7 заводдун учурда 4ү гана иштеп жатканын айткан. «Дүйнөдө азык-түлүктүн баасы кымбаттап жатканда Казакстанда чарба өнүктүрүү (сүт, сыр, ак май (сливочное масло), кумшекер) жайлап кетти. Ал эми сырттан келген товарлардын көлөмү өсүп жатат. Дүкөндөрдө болсо уят абал болуп жатат», — деген Токаев. 

«Казакстан өзүн үрөн менен 51 пайыз камсыз кылат. Ал эми картошка жана кант кызылчасы 10 пайыздан ашпайт. Ата мекендик дыйкандар жер семирткичтердин төрттөн бир бөлүгүн өндүрөт, ал эми сатуучулар болбой эле бааны жогорулатып жатат», — деп кошумчалаган президент.

Президент министрлердин 2023-жылы сүт азыктары, колбаса, кумшекерди өндүрүү боюнча көз карандысыз болобуз деп ишендиргенин эстеп өткөн. «Биз учурда 90 пайыз сырттан келген кумшекерге көз карандыбыз. Бул өкмөттүн чоң жаңылыштыгы. Алар мамлекеттин позициясын коргой алышкан жок», — деп сөзүн жыйынтыктаган Токаев.