Дүкөнгө бычак менен кирген ууруну сатуучу аял сүлгү менен сабап салган (видео)

Нидерландынын Девентер шаарында түрк аял дүкөнгө каракчылыкка кирген ууруну сүлгү менен чапкылап кубалап чыккан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган окуя дүкөндөгү видеобайкоочу камерага түшүп калган. Ага ылайык, дүкөнүн иретке келтирип жаткан убакта кара кийимчен бычакчан, бекапчан кылмышкер келип, кассадан акчаны алып кетмекчи болгон. Аял коркуп койбостон сүлгү менен чапкылап, колундагы айнек жууган спрей менен бети-башына сээп уурунун айласын кетирген. Ошол маалда дүкөнгө бир кардар келип калып, ууру араң качып кутулган.

Кийинчерээк Пекер аттуу эр жүрөк сатуучу уурунун колунда чоң бычак болгонун деле байкабай калганын айткан.