Дүкөнгө ууруга кирген киши жумушчуну бычак менен сайып салган

Москвадагы азык-түлүк дүкөнүндөгү уурулук соодагерди бычактоо менен аяктады. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип мурда соттолгон 44 жаштагы жаран кармалган.

«Окуя Солнцевский районундагы Родниковая көчөсүндө болгон. Буга чейин уурулук кылып жаткандыгы байкалган белгисиз адам соода түйүнүнө кирген. Коопсуздук камералары аркылуу келген адамды аныктап, дүкөндүн кызматкерлери аны токтотууга аракет кылышкан. Бирок ал бычак алып чыгып, жумушчулардын биринин төшүнө бир нече жолу урган. Тез жардам кызматы жабыркаган адамды ооруканага жеткирди”, — деп айтылат маалыматта.