«Эболага окшош». Гвинеяда дагы бир коркунучтуу вирус пайда болду

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Гвинея өкмөтү Марбург оорусунан каза болгон биринчи бейтапты каттады. Бул Эбола вирусуна окшош касиетке ээ. Бул оору жаныбарлардан адамдарга жугат. Бул тууралуу «Би-Би-Си» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бул оорудан аты-жөнү айтылбаган жаран Гукеду шаарына жакын аймакта көз жумган. Ал безгек оорусунан дарыланып, эбола вирусуна тест тапшырган. Ткандардын үлгүлөрүн өлгөндөн кийин текшерүү анын денесинде Марбург вирусу бар экенин тастыктаган. 

Марбург оорусу биринчи жолу 196 -жылы Германиянын Марбург шаарында катталган. Африкадан эксперимент үчүн алынып келинген жашыл маймылдар инфекциянын булагы болуп калды. Оорунун 31 учуру катталып, жети адам көз жумган.  Кийин Марбург оорусунун очогу Судан, Кения, Ангола, Уганда, Түштүк Африка жана Конго Демократиялык Республикасында катталган. Учурдагы окуя Батыш Африкада биринчи болуп саналат. Дарылоо оор өтөт. Биринчи белгилери: адамдын дене табы көтөрүлүп, баш оорусу күчөйт жана алсыздык пайда болот.

Вирустун негизги таратуучулары болуп жарганаттар саналат. Адамдардын ортосунда аба жана шилекей аркылуу, вирус жуктурган адам менен физикалык байланышта болгон учурда же вирус жуктурган адамдын колу тийген буюмдарды кармаган учурда жугат.

Марбург оорусуна каршы вакцина азырынча жок.