Эч качан кеч эмес! 104 жаштагы америкалык аял парашют менен секирди

104 жаштагы америкалык Дороти Хоффнер парашют менен секирди. Анын эр жүрөктүүлүгү тартылган видео социалдык тармактарга тарап кеткенин Tengritravel.kz жазды.

ЖМКлардын маалыматына караганда, болжол менен 4100 метр бийиктиктен орун алган секирүү менен коштолгон учуу 7 мүнөткө созулган. Америкалык пенсионер 100 жашында биринчи жолу парашют менен секирген.

Дороти Хоффнер дүйнөдөгү парашюттан секирген эң кары адам болууну үмүттөнөт. Бул үчүн Гиннесстин рекорддор китебине арыз берилээри такталган. Азырынча дүйнөдөгү эң кары парашютчу бул швециялык Рут Ларсон. 2022-жылы ал 103 жашында секирген.