«Эч ким аман калган эмес». Непалда учак кулаган учур видеого түшүп калган

Катмандудан Непалдын Покхара шаарына саат 10:33тө учуп чыккан Yeti Airlines компаниясына таандык ATR-72 учагы кулап түшкөн. Бул тууралуу «Фокус» басылмасы жазды. 

Маалыматтарга караганда, борттогу адамдардын баары көз жумган. Учактын бортунда 72 адам: эки учкуч, эки стюардесса жана 68 жүргүнчү болгон. Авиакомпаниянын өкүлү Сударшан Бартауланын айтымында, жүргүнчүлөрдүн арасында эки наристе да бар болгон. «Учак бөлүкчөлөргө бөлүнүп кеткен. Биз жансыз дененин баарын табууга, алардын улутун билбесек да, бирок тактоого аракет кылып жатабыз», — деди ал.

Байкоочулар кырсык болгон жерден куткаруучулар буга чейин 40 адамдын сөөгүн табышканын белгилешүүдө.