“Эч ким идеалдуу эмес”. Дүйнөгө белгилүү визажист Гоар Аветисян денесиндеги кемчиликтерин көрсөттү (видео)

Дүйнөгө белгилүү визажист Гоар Аветисян «кандай гана идеалдуусуң» деген колдонуучусуна видео аркылуу жооп кайтарды. Ал бул видеону жарыялоо оңой болбогонун жазды.

«Эч ким идеалдуу эмес. Ар кимдин боек, кошумча чач же кийим алдында каткан кемчиликтери бар. Интернет адамдардын анын арасында аялдардын өзүнө болгон баасын түшүрүшү мүмкүн. Биз күн сайын канчалаган идеалдуу сүрөттөрдү көрөбүз. Алар менен салыштырып, өзүбүздү сулуу эмес, татыксыз сезебиз. Өзүн кандай болсо, ошондой көрсөткөндөр чанда кезигет. Мен бул видеого жазылган хейт үчүн депрессияга түшүп кетишим мүмкүн, бирок видеону көргөн 2-3 айым өзүн жакшы сезе баштаса, бул менин жетишкендигим.

Мен төрөлгөндөн бери толукмун, 12 жашымдан бери денемде тери чоюлгандагы тактар бар, 130 килограмм салмак кошуп, арыктагандан кийин алар көбөйүп кетти. Кош бойлуу болгондон кийин жана төрөгөндөн кийин алар 10 эсе көбөйдү. Биз кайра жаралбайбыз, ошондуктан кандай болсок, өзүбүзбү ошондой кабыл алып жашайлы»,- деп жазды ал.