«Эч нерсе коргобойт. Баарыбыз омикронду жуктурабыз» дейт Комаровский

«Эч нерсе коргобойт. Баарыбыз омикронду жуктурабыз». Бул тууралуу украиналык врач-педиатр Евгений Комаровский интернет-басылмалардын бирине берген маекте билдирди.

«Омикрон өтө жугуштуу инфекция. Аны баары жуктурат, ар бир адам бул вируска кабылат. Бул жерде эч кандай бет кап да, эпидемияга каршы иш-чаралар да жардам бербейт. Эмне үчүн азыр вакцина алгандар да, коронавирус болуп ооругандар да бул илдетти кайра жуктуруп алып жатышат? Бул дал ушул вируска карата иммундук системанын реакция кылуусу. Биз вакцинанын жардамы менен да, оорудан айыккандан кийин пайда болгон антителонун жардам менен бул вирусту жок кыла албайбыз. Мындайчай айтканда, организмге бул вирус киргенде бизде бар антитело аны толугу менен жок кыла албайт. Алар аны алсыз кылып, бизди өлүмгө жеткирбеши мүмкүн, бирок оорудан коргой албайт. Бул коронавирустун мутациясынын өзгөчөлүгү», — деди дарыгер.