Эфирде ортон манжасын көрсөткөн журналисттин видеосу тарап, элден кечирим сурады (видео)

Би-Би-Синин теле алып баруучусу ортон манжасын түз эфирде көрсөтүп, талкууда калды.

Мариям Мошири аттуу журналист ортон манжасын тартуучу топко көрсөткөн, бирок аны кесиптештери гана эмес, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон аудитория да көргөн.

Окуя BBC News телеканалында түшкү чыгарылышта болгон. Бул видео интернетке тарап, жүздөгөн колдонуучулар журналисттин жүрүм-турумуна карата өз пикирин билдирип жатышат.

Алып баруучу соцтармактагы баракчасында кечирим сурады. «Режиссёр 10дон 0гө чейин санап жатканда мен санап жаткандай түр көрсөттүм… Манжаларым менен сандарды көрсөтүп жаттым. 1ге жеткенде тамашалап ортон манжамды көрсөткөм, камерага тартылганын байкабай калдым. Бул команданын ичиндеги тамаша болчу, анын эфирге чыкканына абдан өкүнүп жатам!» — деп жазды ал.