Египет чет элдиктерди эвакуациялоо үчүн Газа тилкесиндеги чек араны ачты

«Чет элдик жарандардын алгачкы тобу Газа тилкесинен Египет менен чек арадагы Рафиах өткөрмө бекети аркылуу чыга баштады» деп жазат The Times of Israel.

1-ноябрдан тарта 400гө жакын чет элдик паспорттун ээлери бул өткөрүү пункту аркылуу Палестина аймагынан чыга алат деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, Газа тилкесинен 90го жакын оор жаракат алган адамдын чыгарылаары күтүлүүдө. Текшерүү пунктуна жакын жерде Египет бийлиги талаа ооруканасын куруп жатканы да айтылды.

Газа-Египет чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктунун канча убакытка чейин ачык болору азырынча белгисиз.

Рафиах — Газа тилкесиндеги Израил көзөмөлдөбөгөн жалгыз чек ара бекети. Газа тилкесиндеги дагы эки өткөрмө бекет — Эрез жана Керем Шалом Израилдин аймагына кирип, иштебей турат.