Египетте 13 жаштагы өспүрүм тез бышырылуучу кесмени чийки жеп көз жумду

Египетте өспүрүм үч таңгак чийки тез бышырылуучу кесме жегенден кийин көз жумду. Бул тууралуу Daily Mail жазды. 

Бала кургак кесмени жегенден кийин жарым сааттан кийин ооруп баштаган. Баары ичтин катуу оорушу, тердөө, андан кийин кусуу менен башталган. Андан кийин өспүрүм каза болгон.

Окуядан кийин өспүрүм кесмени сатып алган дүкөндүн ээси суракка алынган. Экспертиза уулануу болбогонун көрсөткөн. 

Өлүм же курч ичеги көйгөйүнөн же чийки кесмени көп колдонуудан келип чыккан тамак сиңирүү жолдорунун тоскоолдугунан улам болгондугу аныкталган.