Египетте 2 поезд кагышып, 32 адам каза тапты

Египеттин түштүгүндөгү Тахта шаарында жүргүнчү ташыган 2 поезд кагышып, 32 адам каза тапты, 65 киши жаракат алды. Кагышуунун кесепетинен 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Euronews маалымдагандай, белгисиз адамдар поезддердин бириндеги стоп-кранды жулуп салышкан. Анын артынан келе жаткан локомотив токтогон составды сүзүп алган. 3 вагон оодарылып кетип, алардын ичиндеги ондогон адамдар чыга албай калышты.

Башкы прокуратура териштирүү иштерин баштады. Эки поезддин тең машинисттери кармалды.

Өлкөнүн түштүгүндөгү темир жол каттамы жабык турат. Өлкө президенти Абдель Фаттах ас-Сиси кырсыктан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөнүп берилерин убадалады.