Египетте 2500 жылдык жүздөн ашуун саркофаг табылды

Египеттин бийлиги жүздөн ашуун байыркы саркофагдар табылгандыгын жарыялады, алардын айрымдарынан мумия да табылган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Табылгалардын арасында 40ка жакын алтын жалатылган айкел бар. Саркофагдар Каирдин түштүгүндө жайгашкан Саккарадагы ири байыркы көрүстөндүн аймагынан табылды.

Египеттин байыркы буюмдар иштери боюнча министри Халед Эль-Анани табылгалар Птолемей дооруна (биздин заманга чейинки 320-30-жылдар) жана Падышалыктын соңку мезгилине (биздин заманга чейинки  664-332-жылдар) таандык экендигин айтты.

Укмуштай кооздолгон саркофагдар Жосер пирамидасынын этегиндеги атайын көргөзмөгө коюлган. Археологдор алардын бирин ачып көрүп, жакшы сакталган мумияны көрсөтүштү. Ошондой эле алар мумиялардын рентген анализин жүргүзүштү. Артефакттар Каирдеги кеминде үч музейдин ортосунда бөлүштүрүлөт.

Эль-Ананинин айтымында, жакынкы аралыкта Египет бийлиги Саккарада казуу учурунда табылган башка археологиялык табылгаларды да жарыялайт.