Археологдордун эл аралык тобу Египеттин борборундагы казуу иштеринин жүрүшүндө 5 миң жылдык шараптын кумураларын тапканын Tengri Life жазды.
Кумуралар Сохаг провинциясынын Умм Эль-Кааб аймагындагы Биринчи династиянын ханышасы Мернейттин мүрзөсүнөн табылган. Египеттин байыркы эстеликтер боюнча башкы катчы Мустафа Вазири табылган кумуралардын абдан чоң экенин жана жакшы абалда сакталганын айтты. Ал ошондой эле алардагы шарапка болжол менен 5 миң жыл болгонун тастыктаган.