Египетте акула кыздын колун жулуп алган окуя катталды. Бул тууралуу El Manshar маалымат агенттиги кабарлады.
Окуя Синай жарым аралындагы туристтик Дахаб шаарында болгон. Кыз сууда жүргөндө жээкке жакын сүзүп келген акула кол салган. Куткаруучулар кызды аман алып калууга үлгүршкөн. Бирок анын бир колун акула ийининен ылдый тиштеп, жулуп алган.
Окуяга күбө болгондордун бири кызды эс-учун жоготкон абалда алып кетишкенин билдирди. «Лагунадагы бардык кайыктар шиш менен акуланы эки сааттай кууп чыгышты. Мен анын кармалганына күмөнүм бар, балким аны жөн эле алыска айдап коюшту», — деген ал.
Социалдык тармактарда мемге айланган 18 килограммдык торттун окуясы дале бүтө элек. Кондитер Нуршат Акбергенова менен астаналык блогер Аселина Батыр тынчтык...
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...