Египетте кеме чөгүп, эки кызматкердин бирөөсү каза болду

Египеттин Луксор шаарында жүргүнчү ташыган кеме чөгүп, эки кызматкердин бири каза болуп, экинчиси дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ТРТ Хабер жазды.

Tivoli Nile кемеси техникалык тейлөө учурунда чөгүп кеткен. Кырсыктан египеттик 2 кызматкердин ичинен бири каза болгону, дагы бири изделип жаткандыгы айтылат. Губернатордун билдирүүсүнө ылайык, кеме 2010-жылдан бери иштебей, кышкы туризм үчүн даярдалып жаткан.