Египетте кечээ поезддин рельстен чыгып кетишинен 11 адам набыт болсо, 98 адам жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости Араб Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазды.
Поезд Эль-Мансур шаарынан Каирге бет алган эле. Египеттин темир жол башкармалыгынын маалыматы боюнча, төрт вагон рельстен чыгып кетип, оодарылып калган.
Бул Египетте акыркы жылдардагы биринчи темир жол кырсыгы эмес. Марттын аягында Сохаг провинциясынын Тахта шаарындагы жолдо эки поезд кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен токтоп турган поезддин эки вагону, ошондой эле тепловоз жана поезддин вагону рельстен чыгып, оодарылып кеткен. Кагылышуудан 19 адам каза болуп, 185 адам жаракат алган.