Египеттеги пирамиданын чокусуна чыгып алган ит эми «досторун» алып бара баштадыбы?

Египеттеги бийиктиги 139 метрге жеткен Хеопс пирамидасынын чокусуна чыгып алган итти кайра эле ошол жерден «достору» менен көрүп жатышканын Zakon.kz жазды.

Египеттеги бийиктиги 139 метрге жеткен Хеопс пирамидасынын чокусуна ит чыгып алган. Аны парапланерист Алекс Лэнг видеого тартып алып, соцтармакта жарыялаган. Кийин парапланерист кесиптеши менен пирамидага келип, муктаждык болсо, итти түшүрүүгө жардам бермек болушкан. Бирок чокудан итти табышкан эмес. Кийин пирамиданын чокусунан иттин өзү түшкөнү белгилүү болгон.