Египеттин президенти өлкө жарандарын аз балалуу болууга чакырды

Египеттин президенти Абдулфаттах ас-Сиси өлкөдө төрөттүн саны көбөйүп жатканы мамлекеттин негизги көйгөйлөрдүн бири экенин айтып, бир үй-бүлөнү эң көп дегенде эки балалуу болууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Бир үй-бүлөгө экиден ашык балалуу болуу чоң көйгөй жана калктын тез өсүшү кооптуу экендигин баарына айтуу керек»,- деп билдирүү жасаган Египет ажосу калкына.

Ошондой эле ал өлкөдөгү тургундардын саны жыл сайын азыркы темптегидей эки миллионго көбөйүп отурса, элдин жашоо шарты жакшырбаарын да кошумчалаган. Бирок  өкмөт бул маселени катуу мыйзамдар жана чектөөлөр менен чечүүнү көздөбөөрүнда билдирген.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө 103 миллиондон ашуун адам жашайт. Калкынын саны боюнча дүйнөдө 14-орунда турат. Деген менен андагы жашоочулардын 20 миллионго жакыны сабатсыз деп эсептелет.