«Эгиз балдары аман калган». Орусиядагы өрттөн ата-эне 5 баласы менен каза болду

Орусиядагы үйдөн өрт чыгып, 7 киши каза болду. Алардын бешөө балдар. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазды.

Маалыматка караганда, кырсык Стерлитамак шаарында түн ичинде болгон. Куткаруучулар 7 адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Эгиз балдар аман калган. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду. 

Каза болгондордун тизмеси да жарыяланды:

1. Николай Артиков, 2001-жылы туулган.

2. Иван Лукьянов, 2009-жылы туулган, багып алган баласы;

3. Руслан Артиков, 2012-жылы туулган, багып алган баласы;

4. Яна Лукьянова, 2016-жылы туулган, багып алган кызы;

5. аты-жөнү такталууда.

Ата-энеси:

1. Мурат Артиков, 1976-жылы туулган.

2. Нина Лукьянова, 1977-жылы туулган.