«Эки миллиондон ашуун өмүрдү сактап калган». 85 жаштагы Харрисон 18 жашынан бери кан тапшырып келет

«Алтын кандуу адам» катары белгилүү болгон 85 жаштагы Жеймс Харрисон эки миллиондон ашык баланы сактап калганы менен дүйнөгө белгилүү. Анын каны чындап эле алтынга арзыйт, анткени анын каны өзгөчө антителолорду камтыйт.

Жеймс Харрисон 1936-жылы туулган. Ал 18 жашынан бери кан тапшырып келет. Акыркы жолу 2018-жылы кан тапшырган. Жеймс Харрисон он төрт жашында ооруканага түшүп, көкүрөгүнө операция жасалган. Ага дээрлик 13 литр кан куюлган. Жеймстин аман калышына донордук кан жардам берген. Ал үч ай ооруканада жатып, акыры чыккандан кийин, жигит кан тапшырып турууну чечкен. 18 жашка толор замат кан тапшыра баштаган. 

Көп өтпөй Жеймс ооруканага сүйлөшүү үчүн чакырылган. Анын канында өзгөчө күчтүү жана туруктуу антителолор бар экени белгилүү болгон. Бул антителолор энесинен резус-фактору бөлөк болгон балдардын аман калышында маанилүү роль ойнойт. Эгерде эненин резус-фактору терс ал эми баланыкы оң болсо жана эненин канындагы антителолор баласынын канына караганда активдүүрөөк болсо, эненин каны балага курсактагы кезинде эле анын канына чабуул жасай баштайт. Мындай реакциянын кесепети жаңы төрөлгөн ымыркайларда гемолитикалык сарыктын өнүгүшү жана түйүлдүктүн өспөй калышы мүмкүн. Бирок Жеймстин канында табылган антителолор эненин канына сайылганда, түйүлдүктүн канында антителолордун пайда болушуна жол бербөөгө жардам берген сыворотканын пайда болушуна алып келип, көптөгөн көйгөйлөрдүн алдын алган.

Ал 2011-жылы 1000-жолу кан берип, Гиннесстин рекорддор китебине киргизилген. Жеймстин канына негизделген сыворотка эки миллиондон ашуун адамдын, анын ичинде өз кызынын да өмүрүн сактап калууга жардам берген.