Казакстандын Экибастуз шаары 30 градус суукта жылуулуксуз калды

ЖЭБдеги от казандардын иштен чыгышына байланыштуу 30 градус суукта Казакстандагы Экибастуз шаары жылуулуксуз калды. Бул тууралуу КазТАГ жазды. 

«27-ноябрь күнү саат 1:20да ЖЭБдин №11 от казанында өчүрүү болгон. Саат 1:30да №13, 14, 15 от казандары тармактык сууну көп сарптагандыктан токтоп калган. Учурда №8 жана №14 от казан агрегаттары ишке киргизилүүдө. Ремонттук бригадалар уюштурулган. Жакынкы аралыкта параметрлер калыбына келтирилет», — деп билдириштии «Экибастуз жылуулук» ишканасынан. 

Учурда аталган аймакта суук 30 градустан ашып жатат.