«Экинчи Димашпы?». Алматылык окуучунун ырдаганы интернет колдонуучуларын таң калтырды (видео)

TikTok социалдык тармагында алматылык мектеп окуучусунун «Устатым» («Ұстазым») ырын ырдап жаткан видеосу популярдуулукка ээ болуп жатканын «Tengri LifeStyle» жазды.

Алматыда өткөн иш-чарада лицейдин окуучусу капысынан ырга кошулуп, айланадагылардын анын ичинде аткаруучу Самат Жангазиндин көңүлүн өзүнө бурдура алган. TikTok социалдык тармагынын көптөгөн колдонуучулары баланын үнү мыкты, сейрек кездешүүчү жана уккулуктуу экенин белгилешип, аны казак ырчысы Димаш Кудайбергендин вокалдык жөндөмүнө салыштырып жатышат. 

Баланын апасы Маржан Калиева басылмага билдиргендей, видеодогу уулу Айбар. Түгөйлөр төрт баланы тарбиялап келишет. «Үч уул, бир кызым бар. Айбар май айында 10 жашка чыгат. Видео 19-январда шаардагы чыгармачылык түйүндөрдүн биринде тартылган. Айбар № 201 гимназия мектебинин актёрдук чеберчилиги боюнча сабакка барат. Анын музыкага жөндөмдүүлүгү кичине кезинде эле байкалган. Ага сабактагы эжейи да ырдоо жагынан жардам берет», — деди апасы. 

Ата-энеси анын ырдоосуна каршы эмес. Келечекте аны вокалга берүүгө ниеттери бар.

@jangazinsam Недеген дауыс иә? #201гимназия ♬ оригинальный звук — Самат Жангазин