Экоактивист 1 ай бою өзүнөн чыккан 30 килограмм калдыкты ыргытпай костюмга салып жүргөн

Америкалык экоактивист Роб Гринфилд адамзатынын экологияга тийгизип жаткан таасирин көрсөтүү үчүн атайын эксперимент жасаган. Ал бир ай бою Лос-Анжелестин көчөлөрүндө атайын тигилген костюм кийип, турмуш-тиричиликте колдонгон калдыктарды салып жүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Роб аталган долбоорун 20-апрелде баштаган. «Көпчүлүк урнага акыр-чикирлерди ыргыткандан кийин таштанды маселесин унутат. Мен ошол маселеге коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында иш-чараны баштадым», — деп билдирген экоактивист. «Болжол менен бир адам күнүнө 2 килограммдай таштанды чыгарат. Эми элестетип көрүңүздөр, 1 жыл, 10 жыл, өмүр бою ыргытылган калдыктарды… Мен коомчулукка адамзатынан канчалык көп калдыктар чыгарын визуалдуу түрдө көрсөтүү үчүн экспериментти жасадым», — деген ал. Айдын аягында Робдун костюму кофе ичкен стакан, бош бөтөлкө, банка, фантиктерге толгон. Мусордун жалпы салмага 30 килограмм болгон.